Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Жыл аягына чейин бардык эмгек акы жана пенсия көтөрүлөт

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 2062 | 0

Калктын жашоосун жакшыртуу, социалдык жактан коргоо, ден соолугуна кам көрүү Президенттин Министрлер кабинетине койгон орчундуу талаптарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик угуу учурунда билдирди.

«Бул багытта иштер жүргүзүлө баштады, тактап айтканда, социалдык кызматкерлердин эмек акысы жогорулатылды. Жыл аягына чейин бюджеттен каржыланган бардык кызматкердин айлыгын көтөрүү жана пенсияны жогорулатуу пландалып жатат», — деди Байсалов.

Анын айтымында, Өкмөт медициналык тейлөөнү жалпыга бирдей кылууга, коомдук коргоо үчүн мамлекеттик кепилдиктерди аныктоого умтулууда. Ага жетүү үчүн пенсиялык системасын жана Милдеттүү медициналык камсыздандырууну реформалоо белгиленүүдө.

Айта кетсек, бүгүн, 11-апрелде «Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө» Концепциянын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM