Биз менен байланышыңыз

Иш берүүчү менен кызматкер эмгек келишимин сөзсүз түзүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2022 | 709 | 0

Жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосунда сөзсүз түрдө эмгек келишими түзүлүшү керек, болбосо бир нече убакыттан кийин бир тараптын укугу сакталбай калышына алып келет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Тимур Текебаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эмгек келишими жазуу түрүндө түзүлүшү шарт. Анда жумушчунун жана жумуш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери так жазылышы керек.

Келишимдин негизинде жумуш берүүчү жумушчудан: убагында иш ордунда болуусун, ага жүктөлгөн милдеттерди белгиленген убакта аткарышын, мекемеге тиешелүү тартиптерди сактоону, жана башка ушул сыяктуу келишимде жазылган милдеттерди талап кылууга укуктуу.

«Жумушчу да эмгек келишимде көрсөтүлгөн укуктарын талап кыла алат. Алсак, айлыкты убагында төлөп берүүнү, коопсуз жумуш орун түзүп берүүнү, эмгек өргүү алууну, шартка жараша кепилдик жана кенемте төлөп берүүнү талап кылса болот», — деди ал.

Эгерде эмгек келишим түзүлүп, бирок милдеттер так аткарылбай, укуктар сакталбаса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM