Биз менен байланышыңыз

Франциядагы шайлоо: Макрон менен Марин Ле Пен 2-турда атаандашат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 559 | 0

Франциядагы президенттик шайлоонун 2-туруна учурдагы президент Эммануэль Макрон жана ультра оңчулдардан чыккан «Улуттук биригүү» партиясынын лидери Марин Ле Пен катышат.

Экзит-поллдун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, Макрон 28,1%, анын негизги атаандашы Ле Пен — 23,3 % добуш алган. Эми 24-апрель күнү президенттик шайлоонун 2-туру өтөт.

1-турда жалпы 12 талапкер катышты. Үчүнчү орунду Жан-Люк Меланшон 20,1% добуш менен ээледи. Ал эми дагы бир ашынган оңчул талапкер Эрик Земмур 7,6% добуш алып, ал 2-турда Ле Пенди колдой турганын билдирди. Бешинчи орунду алган (7% добуш) республикачылардын талапкери Валери Пекресс, «жашылдардын» өкүлү Яник Жаддо жана социалисттердин талапкери, Париж шаарынын мэри Анн Идальго өз тарапташтарын Макронго добуш берүүгө чакырды.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо да Макрон менен Ле Пен негизги атаандаш болуп, шайлоонун 2-турунда Макрон 66% добуш менен жеңип чыккан. Марин Ле Пен 34% добуш топтогон.

Макрон Батыш өлкө жетекчилеринин арасында Владимир Путин менен негизги арачы болуп саналат. Ушул жылдын 7-февралында да Макрон Москвага иш сапары менен келип кеткен. Ошондой эле Батыштагы лидерлердин арасында Путин менен телефон сүйлөшүүлөрүн эң көп өткөргөн. Айрым эксперттер Макронду Ангела Меркель саясаттан кеткенден бери Европанын жетекчиси ролун ээлегенге аракет кылууда деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM