Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтары сот имаратынын алдына чогулду

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 358 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун жанында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Топтолгондор анын бошотулушун жана соттун адилет чечим чыгаруусун талап кылууда.

Бүгүн Атамбаевдин катышуусунда Октябрь окуялары боюнча иш каралат.

8-апрелдеги отурумда Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу айнек тосмонун артында отуруп, сотко катышуу оор болуп жатканын айткан. Ал үч грыжасы бар экенин, буга байланыштуу сот аны отурумга катыштырбоого укуктуу экенин белгилеп, айнек тосмону тепкилеген.

Мамлекеттик айыптоочу сот процессин айыпталуучунун катышуусуз өткөрүү мүмкүн эместигин билдирип, сот аны мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM