Биз менен байланышыңыз

Ноокатта жаратылыш паркына 500 түп карагай жана ак кайың тигилди

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 196 | 0

Ноокат районундагы «Кыргыз Ата» мамлекеттик жаратылыш паркына 500 түп карагай жана ак кайың тигилди. Ага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышты.

Жамалдинов  жалпы аянты 117 миң гектар аянтты ээлеген жаратылыш парктын атайын бөлүнгөн жерине 500 түп Тянь-Шань карагайы менен ак кайын тигишип, туристтерди тартуу жана аларга шарт түзүп берүү боюнча айыл өкмөт башчы жана эс алуу жайлардын ээлери менен сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган, анын алкагында өлкөнүн бардык аймагында уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM