Эртең, 11-апрелден тарта өлкөнүн орто мектептерине 1-класстын окуучуларын жана бала бакчага балдарды кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат.
Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка ылайык, mektep.edu.gov.kg сайтынын тиешелүү бөлүмү саат 9:00дө ачылат.
Каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 27-июнга чейин өтсө, экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин өтөт.
Электрондук каттоонун шарттары жана толук жол-жобосу менен төмөнкү шилтемеге кирип таанышсаңыз болот:
1-класска мектепке электрондук каттоонун жол-жобосу
2 пикир