Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабы августта ишке кирет

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2022 | 869 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 306 камера август айында толук ишке кирет. Бул тууралуу Жол эрежелерин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу долбоордун II этабын ишке киргизүү бир жылга узарып кетти.

II этап менен өлкө боюнча 306 аппараттык комплекс толук иштеп баштайт. Булар азыркы тапта тесттик режимде иштеп жатат.

«Бардык аппаратык комплексти бир учурда иштетүү мүмкүн эмес, ошондуктан этап менен киргизүү талап кылынган. Азыркы тапта камералар өлкөнүн бардык аймагында коюлган. Алар да акырындык менен ишке кирет», — деди ал.

Исаев белгилегендей, азыркы тапта «Коопсуз шаар» долбоордун III этабын киргизүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» натыйжасын берип жатат. Камералар коюлган жерлерде жол эрежелери так сакталып, айдоочулардын маданияты жогорулады. Камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 75%га кыскарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM