Биз менен байланышыңыз

Маткасымов: Бизнесин шариятка ылайык жүргүзгөн ишкер бактылуу болот

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2022 | 738 | 0

Чыныгы мусулман ишкердин максаты же баалуулугу: Алланын ыраазычылыгын табуу жана бейиштин ачкычына жетүү. Мындай максатка жетүү үчүн бизнес негизги курал экенин түшүнүп, иш алып баруу керек. Мындай пикирди Кыргызстандагы биринчи технологиялык ишкер, «Маткасымов» компаниясынын негиздөөчүсү Убай Маткасымов «Марал» радиосундагы «Экомайдан» уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, ишкер адам үчүн эң маанилүүсү: «кылып жаткан бизнесиңиз Кудайды ыраазы кылабы, сизди баалуулуктарга жеткирип, бактылуу кылабы?» деген суроого жооп табуу.

«Тагыраагы, бизнесмен байлык топтоо жана жеке каалоосун канааттандыруу эмес, башкаларга пайда келтирүү аркылуу Алланын ыраазычылыгын алышы керек. Хадисте: «Эгер бир инсан дарак эксе, ал дарак бышкан соң, мөмөсүн бирөө жесе, көлөкөсүндө бирөө эс алса, жадагалса, канаттуу да даракка конуп, эс алып кайра учуп кетсе да, ошол даракты эккен адамга сообу тиет», — деп айтылган. Ошол сыңары ишкер бир инфраструктура курган болсо, ал инфраструктурадан көп киши пайда алса, продукциясын эл керегине жаратса, ошол эле төлөгөн салыктарынан мамлекетке пайда келип жаткан болсо, коомго пайдалуу сооп иш болот эмеспи. Демек, мусулман катары Алланын ыраазычылыгын алуу үчүн ишкер өзүнүн бизнесин негизги курал катары колдонуп, элге-жерге пайда келтирет».

Ишкер болом деген адам ар кандай тобокелчиликтердин үстүндө болорун айтып, кылган иштердин жыйынтыгына дайыма ыраазы болууну белгилеп өттү.

Маектешкен: Азамат Дүйшеев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM