Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды

Кыска кабар , Спорт | 7 Апр 2022 | 796 | 0

Жаңыланган рейтинг 28-марттан 3-апрелге чейин Будапештте (Венгрия) өткөн Европа чемпионатынын жайынтыгы боюнча түзүлдү.

Маалыматка ылайык, 68 кг салмак ченинде молдовалык Ирина Рынгач Европа чемпиону болду. Муну менен ал 10 миң упай алып, 18-орунга көтөрүлдү.

Айта кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта биринчи орунда, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта 2-орунда турат.

Мындан тышкары дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна грек-рим күрөшү боюнча 3 кыргызстандык балбан кирди.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта 2-орунду, Акжол Махмудов 77 кг салмакта 5-орунду, Сардарбек Конушбаев 55 кг салмакта 7-орунду ээледи.

Булардан тышкары грек-рим күрөшү боюнча дагы 8 балбан рейтингдин жалпы тизмесинен орун алды.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Монголияда өтөт. Мунун негизинде да рейтингге өзгөрүүлөр кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM