Биз менен байланышыңыз

Экономика министринин орун басарлары алмашты

Кыска кабар | 6 Апр 2022 | 350 | 0

Бүгүн, 6-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды. Маалымат министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта кол койгон буйруктун негизинде Чоро Сейитов экономика коммерция министринин биринчи орун басары, Вероника Исаева орун басары болуп дайындалды.

Арзыбек Кожошев орун басарларды тааныштырып жатып, алардын ар кандай мамлекеттик түзүмдөрдө иштегенин, экономика жана финансы, өнөр жай тармактарында жетиштүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле алдыга коюлган милдеттерди, бардык тармактарда тыгыз жана натыйжалуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM