Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүктүн баасын туруктуу кармоо максатында Министрлер кабинети «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорун бекиткен. Ага ылайык, жеңилдетилген насыя берүү, айрыкча, каражатты Ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банкка» 10 млрд сом бөлүнгөн. Анын алкагында Кыргызстанда алгачкы жолу азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластердик бирикмелер түзүлүп жатат. Каражаттын 60%ы фермерлерге бөлүнөрү айтылды. Министрлик бул болжолдо үч жылда натыйжа берерин айтат. Мындан сырткары асыл тукум мал багуу колго алынып, атайын чарбалар түзүлөт.
Фермер-дыйкандарга насыя берүүдө азык-түлүктүн тогуз түрүн: сүт, эт, балык, кант кызылчасы, жумуртка, жашылча-жемиш, картошка, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөргө басым жасалат. Учурда бул жаатта кластердик бирикмелер түзүлүп жатат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба тармагына насыя берүү үчүн 10 млрд сом бөлүнүп, анын ичинен тогуз кластерге 9 млрд сом каралган. Калган миллиард сомуна айыл чарба техникалары, өнөр жай жабдуулары, асыл тукум мал лизингге алынат.
«Насыянын 45 пайызы кайра иштетүү тармагына, 55 пайызы фермерлерди колдоого берилет. Ошондой эле насыя фермердик чарбаларга үч жылдык мөөнөткө алты пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин берилет, анын 300 миңи күрөөсүз болот. 500 миңден жогору алгандарда сөзсүз түрдө күрөө болушу керек. Ал эми кайра иштетүүчү ишканаларга 150 млн сомго чейин каралса, жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашкан айыл чарба кооперативдери үчүн 5 млн сомго чейин каралган. Фермерлер насыяларын «Айыл Банк» менен «РСК Банктан» ала алышат»
Насыя дыйкандарга, азык-түлүк өндүргөн ишканаларга, андан тышкары асыл тукум мал чарбаларга, үрөн чарбаларга берилерин Айыл чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев айтты.
Андан сырткары мурунку карыздары болсо, аларды да жапканга мүмкүнчүлүк жаралат. Дыйкандар үчүн алты пайыз менен үч жылга чейин берилет. Ал эми азык-түлүк өнөр жайы, үрөн чарбалар беш жылга чейин алса болот.
«Тогуз кластердик бирикме түзүлдү. Ага мамлекет кийлигишпейт, өздөрү чечим кабыл алат. Күрөө жаатында да жеңилдиктер каралат. Кластердин агрегаторлору (тамак-аш ишканалары жана ТЛЦ), ошондой эле жаңы түзүлгөн тамак-аш өнөр жайы үчүн 150 млн сомго чейин насыя 60 айлык мөөнөткө берилет. Ал жүгүртүлүүчү каражаттарды камсыз кылуу үчүн сатып алууга, ошондой эле өсүмдүк майын, унду жана шекерди өндүрүү үчүн импорттук сырьену сатып алууга жумшалышы керек. Ички рынокто азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 150 млн сомго чейин өсүмдүк майын жана данды кластерге бөлүнгөн каражаттардын калдыгынын алкагында 12 айга чейин камсыз кылуу үчүн кайтарып берүү мөөнөтү менен өсүмдүк майын жана унду жеткирүүчүлөргө бөлүп берүү пландаштырылууда».
Кыргызстанда бир уй бир күндө орточо 4 литр сүт берсе, жылда 1 миң 300 литр сүт берет. Чет өлкөдө ошол эле ыкма менен багылган уйдан жылына кеминде 6 миң литр сүт саалат. «Сүт» кластердик бирикмесинин жетекчиси Азамат Мааданбеков билдиргендей, биринчи этапта асыл тукум мал чарбаларды түзүп, кайра иштетүүчү өнөр жайлары менен иштөөгө басым жасалат.
«Акыркы 30 жыл ичинде аймактардагы ар бир үйдө мал-жандык болгонуна карабастан, сүт тармагы экономикалык жактан өзүн алдыга жылдыра алган жок. Башкача айтканда, өз үй-бүлөсүн багууга гана жетүүдө. Бүгүнкү күндө атайын багыт алдык. Бөлүнүп жаткан каражаттын көп бөлүгүн фермерлерге арнайлы деп жатабыз. Асыл тукум мал алып келип, бул багытта чарба уюштурууну колго алдык. Үч жылда жыйынтык берери күтүлүүдө».
Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн-өзү болгону үч гана азык менен камсыздай алат: картошка, сүт жана жашылча. Жалпы өлкө боюнча 454 миң майда фермер бар. Юстиция министрлигинде 4 миң 30 айыл чарба кооперативи каттоодон өткөн.