Биз менен байланышыңыз

«Окуучуларга адистикти жергиликтүү өзгөчөлүккө жараша үйрөтүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2022 | 582 | 0

Азыркы билим берүү тармагына реформа жүргүзүү үчүн гумандуу педагогикага басым жасоо зарыл. Бул тууралуу Эмгек сиңирген мугалим Орозали Сайдилканов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Гумандуу педагогика – ар бир баланын табиятына шайкеш келе турган окуу-тарбия ишин жүргүзүү.

Ал билим берүүнүн мазмунун эки негизги багыт: мамлекеттик ченемдер жана жергиликтүү өзгөчөлүк түзөрүн айтты.

«Айылда чоңойгон балдардын баары дарыгер, окумуштуу, экономист же мугалим болбойт да. Балдар ийгиликтүү жашоо көндүмүн ошол жерден алышы керек. Мисалы, мал багууну үйрөнүшү керек. Ал эми мал жок жерлерде өсүмдүк өстүрүүнү, бак отургузууну үйрөтүү зарыл. Же балдарды үй тиричилигине керектүү буюмдарды өзү сантехник катары иштете билүүнү үйрөтүшүбүз керек. Ушул нерселерге көңүл буруу керек», — деди ал.

Мындан сырткары ал кыргыз тил маселесин козгоп, азыркы тапта жеткиликтүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканына өкүнүп, кыргыз тилине бала бакчалардан баштап көңүл буруп, кыргыз мектептерин көбөйтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM