Биз менен байланышыңыз

STEM мугалимдердин айлыгына кошумча 20% кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2022 | 12158 | 1

Мугалимдерге акы төлөөнүн жаңы моделинде STEM сабагын бергендердин айлыгына кошумча 20% кошулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында STEM сыяктуу комплекстүү сабактар киргизилгени жакшы натыйжа берип жатат. Бул система Кыргызстандын мамлекеттик мектептерине киргизилсе, балдарды сүйгөн, кесипкөй, чыгармачыл мугалимдердин келишине шарт түзөт.

Кечээ, 4-апрелде социалдык көзөмөл кызматкерлери менен болгон республикалык жыйында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев STEM сабактарына басым жасала турганын белгиледи.

STEM сабактары бул — табигый илимдер, технология, инженерия, математика жана искусство. Башкача айтканда, бул жаатта тарбия алган окуучу келечекте логика-математикалык ой жүгүртүүсү өнүккөн, ойлоп-тапкыч, изилдөөчү жана маалыматтык технологияларды активдүү колдонгон адис болуп чыгат.

«Дал ушундай окуучулар планетанын ондогон жылдарында өнүгүүсүн аныкташат. Биздин бүтүрүүчүбүз жарым кесиптик деңгээлде жок дегенде спорттун жана искусствонун бир чебери болуп аяктамакчы», — деди министр.

1 пикир

1 пикир

  1. Индира

    05.04.2022 12:27

    Бала бакчадагы медиктердин айлыктарына канча процент кошулат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM