Биз менен байланышыңыз

1-июндан тарта балдардын жөлөк пулу, аларга кам көргөндөрдүн айлыгы көбөйөт

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2022 | 3239 | 0

1-июндан баштап балдардын жөлөк пулун, аларга кам көргөндөрдүн айлыгын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.

Өлкө башчы пенсияны ушул жылдын октябрь айында көтөрүүнү пландаштырып жатканын айтып, эмгек акыны, жөлөк пулду жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын маалымдады.

«Казынабыз толтура болсо, бардык тармактын айлыгын чогуу көтөрмөкпүз. Бирок сиздер, мамлекеттик кызматкерлер жакшы билесиздер. Казынабыз ченелүү. Ошондуктан «чыдаган жаныңыздар дагы бир аз чыдап туруңуздар» деп суранып кетер элем. Кудай буюрса, силердин айлыкты экинчи кварталдан кийин көтөрөбүз. Ага чейин казынабызды толтуруп алалы», — деди ал.

Садыр Жапаров элге кайрылып, азыркы оор абалда, кымбатчылык, жумушсуздук күч алып турганда чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин, буга даяр болушубуз керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM