Биз менен байланышыңыз

2023-жылга бюджетти 500 млрд сомго толтуруу милдети коюлду

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2022 | 272 | 0

Бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров кийинки жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатканын билдирди.

Ал былтыр бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жеткенин, быйыл чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлганын эске салды.

«Мен: «Бир тыйын да уурдабайм, башкалардын уурдашына да жол бербейм!» — деп, ант бергем. Эсиңиздерде болсо керек, мурда казынага кол салгандардын баарын кайра мамлекеттин эсебине төктүрө баштагам. Ошондой эле салык жана бажы төлөмдөрүн жакшыртууну да талап кыла баштадым. Акылбек Үсөнбекович башкарган Министрлер кабинетинин алдына мен койгон эң башкы милдет бюджеттин кирешесин көбөйтүү болду. Бул жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Натыйжалар көп деле күттүргөн жок, бат эле келе баштады», — деди мамлекет башчысы.

Мындан сырткары Жапаров азыркы тапта айыл чарбасына активдүү түрдө ресурстарды салып жатканын, 26 млрд сом кредит түрүндө фермерлерге 6 пайыз менен берилгенин жана мындай жеңилдиктер мурда эч качан болгон эместигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM