Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: «Кумтөр» биздин пайдабызга чечилди

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 522 | 0

Бүгүн, 4-апрелде саат 18:30да «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр видеоконференция форматында өтөт. «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, бүгүн эки тараптуу кол коюу болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.

«Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр тынч, эч кандай соттошуусу жок өтүп, тынч ажырашып жатабыз. Албетте, бул иш Кыргызстандын пайдасына чечилүүдө. Жыйынтыгын эми кечки 18:30да түз эфирде көрөсүздөр. Биздин бүгүнкү жетишкендигибиз мына ошол «Кумтөр». Андан башка дагы 30дан ашуун кенибиз бар. Алардын баарын өзүбүз иштетебиз деп «Көчмөндөр мурасы» аттуу холдинг түздүк. Мына ошондой артыбызда ишенген булагыбыз болгону үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз», — деди президент.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр» боюнча бир канча жолу сүйлөшүүлөр жүргөн. Ага Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башкалар, ал эми экинчи тараптан «Центерра Голддун» президенти жана башкы директору Скотт Перри катышып келген.

Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулап жатышат.

Президент айлык акылар тууралуу түшүндүрүп берди

Copyright © 2017 Maral FM