Биз менен байланышыңыз

Президент айлык акылар тууралуу түшүндүрүп берди

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 5125 | 1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

Президенттин Жарлыгына ылайык, айлык акы дээрлик 100 пайызга көтөрүлдү.

Маселен, Аламүдүн райондук китепканасынын жетектөөчү адиси мурда 10 миң 875 сом алып келсе, эми 1-апрелден баштап 21 миң 845 сом айлык алат.

Нарындагы мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 миң 550 сом алса, эми 33 миң 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы өзбек театрынын актёру мурда 17 миң 700 сом алса, эми  28 миң 239 сом айлык алат.

Баялинов атындагы Балдар жана жаштар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9 миң сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 миң 444 сом алат.

Президенттин маалыматы боюнча, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

Кары-картаңдарды карап-баккан, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да камкордук көргөн кызматкерлердин айлыгы бийик тоолуу шартта 7,5 миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо, андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады.

Жапаровдун айтымында, «айлык акы категориялар үчүн төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат» деген кеп чындыкка коошпойт. Категориялар үчүн төлөмдөр да сакталат.

Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 миң 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 миң 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы  — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

«Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек  деп ойлойм. Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат. Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз», — деди президент.

Билим берүү тармагы боюнча

Президенттин айтымында, Билим берүү жана илим министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бардык категориядагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өтүп, категориялар да киргизилди.

«Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында, айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 миң 846 сом чегерилип, колуна 7 миң 200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 миң 933 сом чегерилип, колуна 21 миң 800 сом ала баштайт.  Көрүп турганыңыздай, үч эсеге көбөйүп жатат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом)», — деди президент.

Жапаров айлык акы көтөрүлгөнүнө жараша талаптар да күчөтүлөрүн эскертти.

«Ушул айдан баштап бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун. Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай-эжейди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек. Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз», — деди президент.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы да 80%га өстү.

Бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлеринин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлүндү, алардын айлыгы дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулатылды.

Жалпысынан, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сом бөлүндү.

«Бул төлөмдөрдөн тышкары 1-июндан баштап балдарга жөлөк пулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз. Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда. Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров: «Кумтөр» биздин пайдабызга чечилди

1 пикир

1 пикир

  1. Союзбек

    04.04.2022 12:34

    Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарынын көтөрүлүшү тууралуу план бар бекен, жок дегенде.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM