Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти, актёр Марат Алышпаев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 972 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар театр жана кино актёру Марат Алышпаев 75 жашында дүйнө салды. Кабарды Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабият бөлүмү угузду.

Залкар талант 3-апрелден 4-апрелге караган түнү оорудан каза тапкан. Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең 5-апрелде саат 12:00дө Кыргыз драма театрынын алдында өтүп, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлары кабарланды.

Марат Алышпаев 1947-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Эки жылдан кийин окуусун аяктабай туруп, А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр искусство институтуна тапшырып, 1972-жылы ушул окуу жайды аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу Ош облустук Кыргыз драма театрында башталган. 1985-жылы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген. 1991-1997-жылдары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрында директор, 1997-1999-жылдары ушул эле театрда катардагы актёр, 2000-2003-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында актёр, 2003-2010-жылдары К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында директор, 2010-2014-жылдары Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында директор болуп иштеген.

Марат Алышпаев театр сахнасында «Гамлетте» Ричард падышанын, «Текшерүүчүдө» Хлестаковдун, «Кылым карытар бир күндө» Сабитжандын, «Алыкул Осмоновдо» Алыкулдун «Фудзиямадагы кадыр түндө» Исабектин, «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттө» Мылгундун дагы башка көптөгөн ролдорду аткарган.

Кинодогу эмгек жолу 1987-жылы Геннадий Базаровдун «Приют для совершеннолетних» тасмасына тартылуу менен башталган. Андан тышкары Георгий Николаенконун «Кербез», Замир Эралиевдин «Шайтандын мөөрү», Геннадий Базаровдун «Кара кыз», «Метаморфоза», «Сүйүү сынагы», Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун «Аталар керээзи», «Акыркы көч» дагы башка көптөгөн тасмаларда башкы ролду ойногон.

Марат Алышпаев: Мага дайыма күчтүү инсандардын ролу туш келет

Copyright © 2017 Maral FM