Биз менен байланышыңыз

«Кумаркана ачуу менен Кыргызстан дүйнөгө терс чакырык таштайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2022 | 563 | 0

Акыркы күндөрү өкмөттүн кумарканаларды ачуу чечими коомчулукта кызуу талкууга алынды. Экономист Кубан Чороев «Маралдын» эфиринде кумарканаларды ачууга концептуалдуу кароо зарылчылыгына токтолду.

Ал бүгүнкү күндө моралдык экономика түшүнүгү бар экенин эскертип, аны төмөнкүдөй чечмеледи:

«Мамлекеттин бийлик өкүлдөрү тарабынан сунуштап жана кабыл алып жаткан мыйзамдар дүйнөлүк коомчулукка өтө чоң «сигнал» берет. Тагыраагы, «Кыргызстанда кандай экономиканы, туризмди түзгөнү жатабыз?» деген суроого жооп ала турган «сигнал». Биз: «Экотуризмди өнүктүрөбүз, өлкөбүзгө жаратылышты сүйгөн, сыйлаган туристтер келсин», — деп жатпайбызбы. Өкмөттүн кумарканаларды ачуу мыйзамын сунуштаганы аркылуу дүйнөгө кандай «сигнал» берип жатабыз? «Биз жеңил ойлуу кишилер, кумарды сүйгөн жарандарбыз, Кыргызстанга келгиле» деген чакырыкты берип жаткан болобуз. Ошондуктан бул жакта дилемма болууда», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, кумарканаларды ачуу сунушунун артында чоң маселе турат. «Адал экономиканы чындап түзүп бере алабызбы же бул жөн гана сөзбү?» деген да олуттуу суроо коюлушу керек экенин белгилеп өттү экономист.

Эгерде кумарканаларды ачуу мыйзамы колдоо тапса, бюджетке бир топ киреше түшөрүн билдирди. Бирок мунун аркасы менен коом бузулуп кетсе, анда кумарканадан тапкан кирешенин пайдасы бир тыйынга татыбай каларын да эскертип өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM