Биз менен байланышыңыз

Антикризистик планга бөлүнгөн 126 млрд сом 51 чарага жумшалат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2022 | 618 | 0

Өткөн жумада өкмөт антикризистик чаралар планын бекитип, анын аткаруу үчүн 126 млрд сом бөлдү. Аталган план дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон. Анын негизинде 51 чара көрүлөрүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Маралдын» эфиринде айтып берди.

  1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарлардын баасын турукташтыруу;
  2. Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу;
  3. Каржылык туруктуулукка шарт түзүү;
  4. Ишкерлерге колдоо көрсөтүү;
  5. Инвестиция тартуу;
  6. Товар жүгүртүүнү жогорулатуу;
  7. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу.

Мындан сырткары республикалык бюджеттен Мамлекеттик материалдык резерв фондунун товарларын сатып алууга – 2 млрд 225 млн сом, күздө пенсияны көбөйтүүгө – 2 млрд сом, бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга – 32,9 млрд сом, айыл чарба өсүмдүктөрүнө, дыйкандарды үрөн жана жер семирткич менен камсыздоого – 2,5 млрд сом, агрокредиттөөгө – 26 млрд сом, энергетика тармагындагы доллардын кредиттерин сомго которууга – 36 млрд сом бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM