Биз менен байланышыңыз

Министр: Кумарканаларды ачуу менен бюджетти толтуруу — туура кадам

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2022 | 500 | 0

«Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Документ Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору кумарканаларды ачууга багытталган. Ал инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Маралдын» эфиринде кумарканаларды ачууга туура көз карашта экенин билдирип, ал чындап эле бюджетке бир кыйла киреше алып келе турган тармактардын бири деп белгиледи.

«Биз азыр бардык багытты активдештиришибиз керек. Эң биринчиден, мыйзам кабыл алынганда биздин жарандарга кумарканаларга кирип ойноого бөгөт коюлат. Ошондой эле кумарканалар чектелүү гана жерлерде ачылат. Тагыраагы, мейманканаларда жана 100 орундан ашык болгон кафе-ресторандарда гана болот. Оюн автоматтары залдан тышкары эч жакка чыгарылбайт. Бул — чет өлкөлүк жарандарга шарт түзүп берүү жана туризмдин деңгээлин жогорулатуу максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар», — деди ал.

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларын ачып, иштетүүнүн укуктук негиздерин, көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилик маселесин карайт. Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.

Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтириши шарт. Өкмөт аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кечиктирилгис чара катары биринчи кезектеги тартипте кароону сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM