Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Дубайда иш сапары менен жүрөт

Без рубрики , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 309 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 28-марттан тарта Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында жүрөт.

Жумушчу сапардын алкагында Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Ал БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен жолугушту. Анда тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Арзыбек Кожошев эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалаарына ишеним билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM