Connect with us

Кадрлардын тез-тез алмашуусу өлкөнү кайда алып барат?

Саясат | 28 Мар 2022 | 1289 | 0

Жаңырган жуманын биринчи эле күнү Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми буга чейинки орун басары Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун жетектей турган болду. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр коомдо ар кандай талкууларды, ал тургай, нааразычылыктарды жаратты. Талдоочулар мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн жетекчи кеминде туруктуу 3 жыл иштеши керектигин айтышат. Айрымдар азыркы абалда кадрдык өзгөрүүлөр орунсуз дешсе, кээ бири кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам абал жакшырып кетиши мүмкүн экенин белгилешет. Өлкөдөгү соңку кадрдык жүрүштөрдүн күңгөй-тескейи тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.

Кадр маселеси мамлекеттик башкарууда эң негизги роль ойнойт. Бирок Кыргызстанда меритократиянын жоктугу бир топ кесепеттерге алып келүүдө. Мындан улам өлкөдө кадрлар тааныш-билиш аркылуу дайындаларын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров айтат. Ал өткөн жумада 26 жаштагы Исламбек Кыдыргычов мамлекеттик салык кызматына төраганын орун басары болуп дайындалганын сындады.

«26 жаштагы жигит мамлекеттик салык кызматына төраганын орун басары болуп дайындалды. Бул — абдан татаал чөйрө. Өзгөчө жаңы салык кодекси ишке кирди, бизнес өкүлдөрүнүн иштери начар болуп жатат. Ушундай учурда Акылбек Жапаров тааныш-билиштеринин кишисин коюп койду. Муну кантип түшүнсө болот? Ушундан улам жаштар мамлекеттик кызматка баргысы келбейт. Барам дегендер болсо, алар да тааныш-билиш аркылуу же коррупция аркылуу гана барып калышат. Муниципалдык кызматта да ушундай эле көрүнүш. Бишкектин мэри канча жолу алмашты? Азыр ал ким экени, эмне иштерди аткарып жатканы дагы эле белгисиз».

Азыркы кызматтык алмашуулар башаламан болуп, түшүнүү кыйын болуп жатат дейт саясатчы Равшан Жээнбеков. Ал азыркы оор социалдык-экономикалык абалда, азык-түлүк кризиси жаралып, жумушсуздук өсүп, өлкө казынасында тыйын жок болуп жаткан учурда кадрдык туруксуздук Кыргызстанды кыйын кырдаалга кептеп, жок болууга баштап кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

«Кимдин кадры келсе да, кризиске каршы маанилүү чараларды кабыл алышы керек. Кандай чаралар болорун өкмөт өзү чечиши зарыл. Эгерде ошол чараларды кабыл албай турган болсо, анда кадрдык өзгөрүүлөрдөн эч кандай натыйжа болбойт. Өкмөттүн жакын арада отставкага кетүү мүмкүнчүлүгү социалдык-экономикалык каатчылыкка байланыштуу аябагандай жогору».

Жарандык активист Атай Бейшенбек мамлекеттик жана муниципалдык кадрларды алмаштырууда негиз болушу керек деп эсептейт. Буга чейинки кадр алмашууларда да өлкө башчы же жетекчилик тарабынан так аныктама, кызматтан алуу же дайындоонун себеби берилбей келгенин сындап, мындай абал улана берсе, саясий коом мыйзамдан четтеп кетиши мүмкүн экенин эске салды.

«Буга чейин деле «Эмне себептен жаңы кадр жумушка дайындалып жатат? Эмне себептен иштеп жаткан кадр жумуштан алынып жатат?» деген суроолорго жооп берилчү эмес. Так критерийлер болушу керек, коомчулук менен да эсептешип, маалымат берип туруу зарыл. Эгер кызматтан кетип жатса, «алдыга коюлган максаттарды, план-программаны ишке ашыра албай калды, мындан ары жетекчилик кызматка дайындалууга укугу жок» деген сыяктуу тыянак чыгышы керек, ошондо анан натыйжа болот. Ал эми бекитилип жаткан адамга реалдуу тапшырмалар берилип, мөөнөтү да так көрсөтүлүшү керек».

Кадрдык алмашууларга оң караган саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов жүрүп жаткан өзгөрүүлөр дүйнө боюнча ротация деп аталарын, бул жакшы көрүнүш экенин билдирди. Ал кадрларды алмаштырып жатканда адамдын ары жагын карап, аны жакшы таануу зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле жетекчилик кызматка дайындалган адам менен кандай команда келерине кылдат көңүл буруу керек деп эсептейт.

«Эң башкысы: жаңы жетекчи менен келген команда. Туруктуу мамлекеттик башкаруу системасы болуп жатканда 70% туруктуу кадрлар иштеп жаткан болот. Жетекчи келеби, кетеби, алмашабы, жокпу, негизгиси, буга чейин иштеп жаткан кызматкерлер калып кызмат кылып, мамлекеттик органдын жумушун алдыга жылдырып, туура чечимдердин кабыл алынышына түрткү болуп иштей берсе жакшы болот да. Ошондуктан команданын түзүлүшүн, сапатын кароо керек».

Шерадил Бактыгулов мыйзам чыгаруу бийлигинен аткаруу бийлигине келген Бакыт Төрөбаев боюнча да пикирин билдирип, аны тажрыйбалуу, көп тармактуу адис катары баалады.

«Ал коомчулукка өзүн саясатчы катары жакшы көрсөтүп койгон. Өзү жакшы ойлонгон, нейтралдуу, ачык адам. Анын экономика тармагында жана саясатта да тажрыйбасы бар».

Белгилей кетсек, буга чейин Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык алмашуу болору боюнча тараган маалыматтарды четке каккан. Ал тараткан билдирүүдө Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болору айтылган болчу.

«Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде, өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү планын ишке ашыруу, бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар. Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек».

Акыркы эки жумадагы алмашууларга сереп салсак, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки орун басары Айгүл Абдраева менен Гүлнур Жайнакованы кызматтан алып, ордуна Уланбек Мамбетакунов менен Расул Абазбек уулун бекитти. Андан көп өтпөй, Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Айнура Туйбаева жана Медербек Курманбеков кызматынан бошотулуп, Айнура Туйбаеванын ордуна Индира Шаршенова дайындалды. Ал эми Медербек Курманбековдун ордуна ким келгени айтыла элек. Андан кийин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сүйналиев кызматынан алынып, ордуна 26 жаштагы Исламбек Кыдыргычов бекитилди. Муну менен катар муниципиалдык тармакта Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов менен Биринчи Май районунун акими Жамалбек Ырсалиев ордуларын алмашты; буга чейин Президенттин администрациясында иштеп жаткан Азиз Садырбеков Бишкек мэриясына аппарат башчы болду.

Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү өкмөтү тез-тез алмашкан өлкө болуп саналат. 30 жылдык эгемендик тарыхта милдетин аткаргандарды, кайталап дайындалгандарды, толук иштегендерди кошуп эсептегенде, 38 өкмөт башчы шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM