Украинада каза болгон кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди.
Туугандарынын айтымында, ал 14-мартта Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарында согуштук аракеттердин жүрүшүндө каза болгон.
Атасы уулу 2016-жылы Орусиянын Свердлов облусуна кеткенин айтты. Ал жерде алгач аскерге чакырылуучу катары кызмат өтөп, андан кийин контракттык аскер катары калган.
Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учкан. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылына коюлган.
Орусия атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Украинанын айланасындагы окуяларга байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда. Бул өлкөдө согуш уланууда.
Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн мамлекеттер Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүнү улантууда.