Connect with us

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жол бербөө макулдашылды

Кыска кабар | 26 Мар 2022 | 416 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жол бербөө боюнча макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Видеоконференция аркылуу сүйлөшүүдө, тараптар  эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга бөгөт коюу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү чечишти. Ошондой эле, эгер жүк ташуучуларда электрондук эсеп-фактурасы жок болсо, унаалары Кыргызстанга кайтарылып берилет деген чечим кабыл алынды.

«Жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл бекетинде Казакстанга кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын топтолуусу бир нече жолу болгон. Өкмөт мунун себеби катары айрым айдоочулардын тийиштүү уруксат кагаздары жок экендигин айтышса, жүк ташыгандар казак тараптын бут тосуусу катары сыпатташкан эле.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM