Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Атамбаев тууралуу пикирин айтты

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 6754 | 0

Президент Садыр Жапаров камакта жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жөнүндө пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал Атамбаев тууралуу «ызы-чууну» бүгүн көргөнүн айтты.

«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев да бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот», — деди Жапаров.

Ал Атамбаевдин ишин карап жаткан сот, прокурорлорго буйрук бере албай турганына ишендирип, эгер мүмкүн болсо, сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрүүнү суранарын айтты.

«Каалаган журналисттер, блогерлер кирип, түз эфир жасаса жакшы болмок. Эл да соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?», — деди Жапаров.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келингени тууралуу анын адвокаты маалымат таратып, видео да жарыяланган. Бул маселе боюнча бүгүн Акыйкатчы институту билдирүү таратып, №47 түзөтүү колониясына барып окуяны иликтөөгө алды.

Анда Атамбаев 23-мартта сотко бара албай турганы жөнүндө арызын саат 11 чендерде бергенине карабастан, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап жеткирилгенин айтып берген.

Мажбурлоо менен сотко алып барылганына нааразычылыгын билдирип, бул аракеттерди басым катары баалаганын айткан. Эки күндөн бери кан басымы көтөрүлүп, кайра түшүп жатканын, 23-мартта сотко мажбурлап алып барылганда, денесинде жаракат бар экенин айтып, бутундагы такты көрсөткөн.

Ал эми № 47 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары 23-мартта Атамбаев өзү сотко барам деп чыкканын, бирок сотко баргандан кийин машинадан түшпөй койгонун, мажбурлап чыгаруу болбогонун айтты.

Акыйкатчынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү видеокөзөмөлдүн жазууларын көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ага мүмкүнчүлүк болгон эмес, себеби мекеменин жетекчилигинин айтымында, жазууну борбордук аппараттан гана көрүүгө болот. Бул боюнча жеринен акт түзүлүп, видеокөзөмөлдөгү тартылган жазууларды берүү талабы Жазаларды аткаруу кызматына жөнөтүлгөн.

Андан сырткары Атамбаевдин өкүлдөрүн катыштыруу менен аны медициналык кароодон ыкчам өткөрүү боюнча расмий талап Акыйкатчы тараптан мекемеге берилген. Бирок Атамбаев медициналык кароодон өтүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM