Биз менен байланышыңыз

Айыл өкмөттөгү алешемдикти айткандардын камалышынын чоо-жайы

Коом , Саясат | 25 Мар 2022 | 1341 | 0

Кечээ, 24-мартта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө. Мындан бир нече күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жеке каналындагы көрсөтүүгө Бекжан Жалилов да катышып, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу делген бир катар социалдык мекемелердин менчиктештирилгени боюнча айтып берген. Жалиловдун жакындарын бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев кабыл алды. Ал эми аймактагы тарапташтары Лейлек райондук прокуратурасына чогулушту. 

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштер боюнча айтып чыккан Бекжан Жалиловдун тарапташтары бүгүн, 25-мартта райондук прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акциясына чогулушту. Жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнө тийиштүү делген 56 мамлекеттик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн менчиктелип кеткени боюнча айтып чыккандардын камалышына нааразы.

Нааразычылык акциянын катышуучусу, Достук айылдык кеңешинин депутаты Зулайка Турдиева акцияга чыгуу максатын мындайча түшүндүрдү:

«Бул жерде мыйзамсыз иштер болуп жатат. Жегичтер боштондукта жүрөт, элдин көйгөйүн көтөрүп, акыйкат сүйлөгөн биздин жигиттерибизди камап койду. Биздин максатыбыз элибизде чындык орносун деп жатабыз. Биз өзүбүз чек арада турабыз. Бир жак чекеси тажиктер болсо, экинчи чекеси байлар, бардыгыбызды кысымга алып, коркутуп-үркүтүп, чындык үчүн күрөшкөн балдарыбызды камап жатса, бизде мыйзам иштейби? Эгер балдарыбызды чыгарып бербесе, соңуна чейин күрөшөбүз».

Баткен облустук прокуратурасы буга чейин Жаңы-Жер айыл аймагындагы курулуш боюнча айыл тургундары бир нече ирет кайрылуу жасашканын, ошол кайрылуулардын негизинде аудиттик текшерүү жүрүп, натыйжада тийиштүү айыл өкмөт кызматкерлери шектүү катары кармалганын билдирди.

«Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундары бир нече ирет кайрылуу жасашкан. Тергөө учурунда арызда көрсөтүлгөн курулуш обьектилерин кандай сапатта жасаганы боюнча соттук курулуш экспертизалары жана акча каражаттары кандай иштетилгени боюнча аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында курулуш иштеринде жана акча каражаттарын иштетүүдө мыйзамсыз коротулган фактылар аныкталгандыктан, 24-март, 2022-жылы аталган кылмыш иш боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлери кармалышкан».

ЖМКларда жарыяланып жаткан кийлигишүү бар деген шектенүүлөрдү облустук прокуратура жокко чыгарып, кылмышка карата тергөө аракеттери 2021-жылдын 26-августунда башталганын кошумчалады.

Башкы прокуратуранын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов кармалгандар «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен шектелип жатышканын, Башкы прокуратуранын өкүлү көзөмөл иретинде тергөөнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Баткенге жөнөп кеткенин билдирди.

«Саатбек Эгембердиев, Бекжан Жалилов жана Акжол Абдуллаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен шектелип, Баткен облустук прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан кармалган. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө. Андан тышкары Башкы прокуратуранын өкүлү алар жүргүзүп жаткан тергөөнүн мыйзамдуулугун текшерүүгө чыгып кетти».

Мындан бир нече күн мурун эркин журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тилкелери тууралуу сюжеттер сериясын чыгарган. Анда Бекжан Жалилов Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу делген бир катар социалдык мекемелерди жана гектарлаган жайыт жерлердин менчиктештирилгени боюнча айтып берген.

Иликтөөдө 2000-жылдардан бери Жаңы-Жер айыл аймагынан 60тай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менчиктештирилип, 1 миллион сомдон ашык акчага сатылганы, менчиктештирилген 2 бала бакча айыл өкмөткө өз эсебинен канча эсе кымбат баада сатып алынганы айтылган.

Жалилов Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 5 ай иштеген. Ал мыйзамсыз менчиктештирип алгандарды ачыктап, жер тилкелерин жана мүлктү кайтаруу аракетин баштаганда аны Бешкент айыл аймагына которуп жиберишкен. Учурда аталган айыл өкмөттүн башчысы.

Бекжан Жалиловдун бир тууган эжеси Гүлзада Жалилова инисинин кармалышы боюнча бүгүн, 25-мартта Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолукканын билдирди.

«Башкы прокурор бизди өтө жакшы кабыл алды. Эч ким урушуп, коркутуп-үркүткөн жок. Биздин арыз-муңубузду укту. Айтарыбызды айттык, эми болгону күтөбүз. Башка эч кандай айта турган, кошо турган сөзүм жок».

Жалилов менен бирге айылды дотациядан чыгарган мурунку айыл өкмөт башчы Саатбек Эгембердиев да камакка алынган.

2019-жылы Саатбек Эгембердиевдин жасаган эмгеги бааланып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун колунан энчилүү саат алган.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов мурунку айыл өкмөттөрдүн камалышын абсурд деп баалады. Аны менен бирге бул маселе парламентте каралышы керек экенин айтты.

«Менин байкашымча, Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө коррупциялык иштер, кызмат абалынан пайдалануулар боюнча айтылган эле. Бирок анын аягы «уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат» деген кырдаал түзүлүп жатканы өкүнүчтүү. Ошол жердеги мыйзам бузуучулукту, кызмат абалынан пайдаланып, мүлк менчиктештирип алгандарды айткан адамдардын камалып жатканы — биздеги абсурд. Чындыгында бул маселеде аткаруу бийлиги көз жумдуга салса, прокуратура ушундай мыйзам бузууга барса, бул маселе парламентте да каралып, калыс чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм».

Ал эми аталган видео сериялардын автору Ыдырыс Исаков репортаждагы каармандарынын камалышын «Фейсбук» баракчасы аркылуу «Баткенде коррупциянын жеңиши орун алды» деп сыпаттады.

«Баткенде бүгүн коррупциянын жеңиши орун алды. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп, айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып жаткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды». 

Башкы прокуратура Ыдырыс Исаковдун YouTube каналында көрсөтүлгөн видеодогу иштер жана Баткен облусунун прокурору Нуркамил Набиевге карата айтылган фактылар боюнча учурда текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.

Ал эми шектүү катары кармалган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу Лейлек райондук сотунда 26-мартка чейин каралары күтүлүүдө.

Ыдырыс Исаковдун мүлктү менчиктештирип алгандар тууралуу жарыялаган видеосу:

Copyright © 2017 Maral FM