Биз менен байланышыңыз

Исмаилов: Украинада 60тай кыргызстандык өз ыктыяры менен калды

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 329 | 0

Кыргызстандын Украинадагы элчилигине расмий 700 кыргызстандык катталган. Каттоосу жок жашап, иштеп келген дагы 1300дөй кыргызстандык бар. Бул тууралуу Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Орус-украин согушу башталгандан бери элчилик менен диаспора кыргызстандыктарды Украинадан чыгарып кетүү жолдорун издей баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин дээрлик баары чыгып кетип, учурда 60тай жаран өз ыктыяры менен калган.

«Алар өз ыктыяры менен калууну каалашты. Кээ бирлери банк тармагында иштегендер: «Бул — стратегиялык обьект, биз бул жакта калып иштеп турушубуз керек», — дешти. Андан тышкары «Кызыл крест» уюмунда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда иштеген жарандарыбыз бар, мындай учурда алардын иши так-даана көрсөтүлүшү керек болгондуктан, Украинада кала беришти», — деди ал.

Элчиликтин кызматкерлери Украинадан чыгып кетүүнү каалаган жарандар менен тыгыз байланышта болуу үчүн азыркы тапта Львов шаарында иштерин улантып жатат.

Бир айга созулган согуш: Украинадагы абал кайсыл жакка өзгөрөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM