Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага гумжардам үчүн млрд доллардан ашык каражат бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 555 | 0

АКШ Украинага 1 миллиард доллардан ашык гуманитардык жардам жана 2 миллиард доллардан ашык суммага аскердик-зениттик системаларды, танктарга каршы системаларды, ок-дарыларды берүүгө даяр. Бул тууралуу Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында өткөн конференцияда президент Жо Байден билдирди.

АКШ лидери ошондой эле көптөгөн украин качкындары Европада, үйлөрүнө жакыныраак болууну каалашарын айтып, АКШ 100 миң украиналык үй-бүлөнү кабыл аларын кошумчалады.

«Ошондой эле биз Евробиримдик менен байланышы бар 400дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга: Думанын 300дөн ашуун мүчөсүнө, олигархтарга жана орусиялык коргонуу компанияларына каршы жаңы санкцияларды жарыялайбыз. Ошону менен катар учурда НАТОнун аймагын коргоо үчүн Европада жайгашкан 100 миң америкалык аскерден тышкары НАТО чыгыш фронтту бекемдөө үчүн Румынияда, Венгрияда, Болгарияда жана Словакияда төрт жаңы согуш тобун түздү», — деди Байден.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM