Connect with us

Ташиев: Жаңы аскердик техниканын көбү Баткенге жөнөтүлөт

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 362 | 0

Чек ара кызматына берилген жаңы аскердик техникалардын көбү Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев техниканы тапшыруу учурунда билдирди.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар дайым кооптуу кырдаал түзүлүп жатканын айтып, чек ара маселесин чечүүдө буга чейинки бийлик эч кандай аракет жасабаганын билдирди.

«Өткөн жылдан тарта президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүүгө олуттуу чараларды көрүп жатабыз. Биз өзүбүз жашап жаткан аймактын чегиндеги мыйзамдын негизинде иш алып баруу ниетиндебиз. Биздин башка өлкөнүн аймагына кирүү максатыбыз жок жана болбойт дагы», — деди УКМКнын башчысы.

Анын айтымында, былтыркы 40 брондолгон унаа Бириккен Араб Эмиратынан сатып алынган, быйылкы аскердик техникалар Орусиядан алынды. Курал-жарактар, ок-дарылар да алынып, күч түзүмдөрдү камсыздоо аракеттери көрүлүүдө.

Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акчага 58 өрт өчүрүүчү унаа алынды. Былтыр да Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM