Connect with us

Кара-Сууда айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жер сатууга шектелип камалды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 234 | 0

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Зулпукар Мазаев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары жайыттарды трансформациялабастан мыйзамсыз сатканы аныкталган.

Буга байланыштуу айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Зулпукар Мазаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да издөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Айта кетсек, УКМК буга чейин да эски мектептин ордун жана айыл өкмөттүн башка жерин курулуш үчүн сатууга шектеп, Зулпукар Мазаевдин үстүнөн иш козгогон. Бирок ушул жылдын январь айында ал иш өндүрүштөн кыскартылган. Анын себеби катары келтирилген чыгымдар толук өндүрүлгөнүн маалымдашкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM