Connect with us

Акыйкатчы институту Атамбаевдин абалы боюнча маалымат таратты

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 304 | 0

24-мартта Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов № 47 түзөтүү мекемесине мониторинг жүргүзүп, жазасын өтөп жаткандар менен баарлашты. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.

Анын ичинде № 47 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугушкан. Атамбаев 23-мартта сотко бара албай турганы жөнүндө арызын саат 11 чендерде бергенине карабастан, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап жеткирилгенин айтып берген.

Мажбурлоо менен сотко алып барылганына нааразычылыгын билдирип, бул аракеттерди басым катары баалаганын айткан. Эки күндөн бери кан басымы көтөрүлүп, кайра түшүп жатканын, 23-мартта сотко мажбурлап алып барылганда, денесинде жаракат бар экенин айтып, бутундагы такты көрсөткөн.

Ал эми № 47 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары 23-мартта Атамбаев өзү сотко барам деп чыкканын, бирок сотко баргандан кийин машинадан түшпөй койгонун, мажбурлап чыгаруу болбогонун айтты.

Акыйкатчынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү видеокөзөмөлдүн жазууларын көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ага мүмкүнчүлүк болгон эмес, себеби мекеменин жетекчилигинин айтымында, жазууну борбордук аппараттан гана көрүүгө болот. Бул боюнча жеринен акт түзүлүп, видеокөзөмөлдөгү тартылган жазууларды берүү талабы Жазаларды аткаруу кызматына жөнөтүлгөн.

Андан сырткары Атамбаевдин өкүлдөрүн катыштыруу менен аны медициналык кароодон ыкчам өткөрүү боюнча расмий талап Акыйкатчы тараптан мекемеге берилген. Бирок Атамбаев медициналык кароодон өтүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан.

Бардык тараптардын расмий маалыматтары алынгандан кийин Акыйкатчы тиешелүү чараларды мыйзам чегинде улантарын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM