«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады. Уюмдун президенти Елена Калашникова фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу өкмөткө маалымат берди.
Быйыл 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык, туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.
Уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.