Connect with us

26-мартта көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 206 | 0

26-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.

26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунда күндүз кээ бир райондордо, кечинде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Ош, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Бишкекте түнкүсүн мезгили-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM