Connect with us

Министр: Китепканаларга «жеткирип берүү» кызматын кошууну пландап жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 416 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстан китеп жакшы окулбаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Маралдын» эфиринде калктын китеп окууга кызыгуусун арттыруу үчүн атайын чаралар иштелип жатканын билдирди.

Былтыр мониторингдин негизинде суроо-талап эң көп түшкөн 100 китеп аныкталып, аны сатып алууга 5 млн сом бөлүнүп, китепканаларга таратылган.

Министрдин айтымында, элдин китепке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн көп иш жасалышы керек.

«Азыр көпчүлүгү китепти жолдон бара жатып, же бош убагында окуйт. Ошондуктан китепканаларды электрондук түргө өткөрүү керек. Окурмандын каалаган китеби кайсы китепканада экенин тиркеме аркылуу көрүүсүнө шарт түзүү, жадагалса, ошол китепти буйрутма аркылуу үйүнө алып келип берүү маселеси каралып жатат. Айылдык китепканаларга да жаңы китеп келгени тургундарга SMS аркылуу кабарланып, алар алып кетип, окуп бүткөн соң, кайра тапшырып берип турса да жакшы болот. Ушундай электрондук системанын үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал китепканалардын абалын жакшыртып, ал жерге акысыз интернет, Wi-Fi, балдар үчүн робототехника, IT-курстар сыяктуу заманбап шарттарды киргизүү алдында турушканын билдирди.

Анын маалыматына караганда, азыркы тапта К. Баялинов атындагы китепканага «Лего» борборун салуу пландалууда. Анда балдар сабактан кийин келип лего, робот сыяктуу конструкцияларды чогултууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM