Биз менен байланышыңыз

Министр: Сулайман-Тоону мэриянын карамагына өткөрүүгө кажет жок

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 219 | 0

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейи Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында. Бирок азыркы тапта Ош мэриясы музей жакшы каралбай калганын жүйө келтирип, өз башкаруусуна алууга аракет кылууда.

Министрлик музейдин мэриянын карамагына өтүшүнө караманча каршы.

Маданият министри Азамат Жаманкулов «Маралдын» эфиринде өлкөдө 10 гана улуттук мекеме бар экенин эске салып, аларга жеткиликтүү деңгээлде көңүл бурууга убакыт келди деп эсептейт.

«Сулайман-Тоо комплексине ушул убакка чейин акчанын жоктугунан көп инвестиция сала алган жокпуз. Мүмкүн, ал жердин башкаруу системасында күнөө бар. Дегеним, биз каалагандай башкаруу системасы болгон жок. Анткени көп нерсени өз каражаттарына оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби, кардарлардан түшүп турган 9 млн сомго жакын кирешеси бар. Жылдан жылга абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок тилекке каршы, башкаруу системасы аксады. Ошондуктан биз музейдин башкаруу системасын өзгөртөлү деп жатабыз», — деди ал.

Министр белгилегендей, эгерде улуттук тарыхый-археологиялык музей министрликтин карамагынан чыгып кетсе, комплекстин айланасында ар кандай курулуштар, обьектилер орун алып, башаламан болуп кетерин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM