Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин айлыгы макамына жараша көбөйөт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 378 | 0

1-апрелден тарта маданият өкүлдөрүнүн айлыгы 100%га көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, маданият өкүлдөрүнүн маянасы макамынан да көз каранды. Тагыраагы, «улуттук» жана «жөнөкөй» болуп экиге бөлүнөт.

«Жөнөкөй» макам менен иштегендерди алсак, азыркы тапта алардын айлыгы 23 миң сомдун тегереги, апрель айынан тарта 33 миң сом алышат.

Жогорку жана башка категориялары бар артисттер азыр 12-13 миң сом ала турган болсо, эми 20-21 миң сомдун тегерегинде алышат.

Жаңы окууну бүтүп келген, тажрыйбасы жана эч кандай наамы жок артист 7 миң сом алса, эми 14 миң сом алат.

Министр кошумчалагандай, өнөр адамдарынын маянасын көтөрүү боюнча документтер даярдалып, макулдашылып бүткөн. Президенттин бул жааттагы жарлыгы 1-апрелде күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM