Биз менен байланышыңыз

«Маданият кызматкерлерине үй берүү эки шартта каралып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2022 | 240 | 0

Бүгүнкү күндө маданият кызматкерлери мамлекет тарабынан үй менен камсыз боло элек. Бул көпчүлүк өнөрпоздордун негизги маселеси болуп, аларды чет жакка кетүүгө аргасыз кылууда. Маданият тармагынын бир топ өкүлү турак жай маселесин көтөрүп, президентке кайрылышкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Маралдын» эфиринде маданият өкүлдөрүнө үй берүү аракеттери көрүлүп жатканын, курулуш иштери башталуу алдында турганын айтып берди.

«Бир нече жыл мурун Бишкектин Анкара көчөсүндө маданият кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштаганбыз. Ал жерде төрт үй курулушу керек болчу. Эки үйдүн пайдубалы түптөлүп, бир үйдү экинчи кабатына чейин көтөрүп койгонбуз. Бирок пандемияга байланыштуу каражат бөлүнбөй, курулуш иштери ошол бойдон токтоп калган. Азыр ишти жандантуу алдында турабыз. Эки жолу каралууда: биринчиси, үйлөрдү ипотека аркылуу берүү; экинчиси, оор шарттагы муктаж өнөр адамдарына курулуп башталган эки үйдү акысыз берүү», — деди ал.

Бул боюнча өкмөт менен сүйлөшүп жатканын, каржы булагы табылып, кээ бир маселелер чечилсе, үйлөрдү курулушу кайра башталарын кошумчалады министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM