Connect with us

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусияга каршы резолюция кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 2663 | 0

БУУнун Башкы ассамблеясы Украинадагы кырдаал боюнча Орусияга каршы резолюция кабыл алды. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Маалыматка ылайык, резолюцияны АКШ, Украина, Улуу Британия, Грузия, Германия, Литва жана Латвия жана башка мамлекеттер колдогон. Документ Мексика менен Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешинде резолюция кабыл алдыра албагандан кийин даярдалган.

Резолюцияга жалпы 140 мамлекет «макул» болуп, 38 мамлекет позициясын билдирген. Ал эми Беларусь, Эритрея, Түндүк Корея, Орусия жана Сирия каршы чыккан.

Бул кабыл алынган резолюцияда Орусиядан Украинага каршы согуштук аракеттерин дароо токтотуусун талап кылганы айтылат. Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 2-мартта кабыл алган резолюциясын аткарууга чакырык ташталган.

Саясий пункттардан тышкары текстте таза гуманитардык тезистер да камтылган: жарандарды жана жарандык инфраструктураны, журналисттерди жана медициналык кызматкерлерди коргоо, жарандардын, анын ичинде чет элдиктердин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу талабы бар.  Резолюцияга ылайык, Башкы ассамблея тараптардан гуманитардык коопсуздукту камсыз кылууну талап кылып, мыйзам бузууларды айыптаган.

Белгилей кетсек, 24-мартта Брюсселде НАТО, «Чоң жети» жана Европа Биримдигинин саммиттери өттү. Владимир Зеленский анын катышуучуларына кайрылып, колдоону күчөтүүнү суранды.

Анда АКШ президенти Жо Байден Украинага гуманитардык жардам катары кошумча 1 миллиард доллар бөлүп жатканын айтты.

Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Евробиримдиктин санкциялары күчөтүлсө, согуштун токтотулушун тездетсе болорун белгилесе, Германия жана Нидерланд азыркы санкцияларды кайра карап чыгуу үчүн убакыт сурашты.

Польша жана Балтика өлкөлөрү Орусияга карата чара көрүүнү улантуу керектигин айтышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM