Кыргызстанда акыркы суткада 10 адам коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталганын COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын алтоо Бишкек шаарында, төртөө Чүй облусунда катталган.
Ошол эле учурда Бишкек шаарынан 1 адам каза тапкан.
Акыркы суткада COVID-19дан 14 бейтап: Бишкек шаарынан 6, Чүй облусунан 5, Ош облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 1, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап айыгып чыккан.
Учурда 88 бейтап ооруканаларда, 58 бейтап үйүндө дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери 200 миң 857 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 196 миң 143 бейтап сакайып, 2 миң 983 адам көз жумган.