Connect with us

Президент элди жана турак жай фондун каттоого активдүү катышууга чакырды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 401 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталганына байланыштуу кайрылуу жасады.

Анын айтымында, өлкө саясий, экономикалык жана эл аралык мааниге ээ боло турган окуянын алдында турат. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми кээ бир алыскы айыл аймактарда 23-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2020-жылы кезектеги эл каттоону өткөрүү чечими кабыл алынган. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу мамлекеттерде эл каттоо жүргүзүлгөн. Бирок Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Президенттин айтымында, элди жана турак жай фондун каттоонун экономикалык жана социалдык мааниси абдан жогору. Калктын демографиялык абалы дайыма өзгөрүп турат. Ага акыркы 10-15 жыл аралыгындагы ички жана тышкы миграция агымы чоң таасир этүүдө. Бул убакыт ичинде турак жай фондунун курамында, жайгашуусунда жана сапатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрым турак жайлар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксаты жок, бекитилип берилген долбоорлору жок курулду.

Ошондуктан өлкөдөгү калктын саны, аймактарда жайгашуусу, жынысы, жаш курагы, улуту, билим деңгээли жана жашоо-шарты тууралуу чыныгы, так маалыматтарды алуу каттоонун негизги милдети болуп саналат. Так маалыматтарды башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Эң башкысы, каттоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар өлкөнүн жакынкы жылдардагы жана келечектеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегияларын иштеп чыгууга же тактоого негизги база болуп эсептелет. Каттоонун жыйынтыгындагы маалыматтар – келечек муун колдоно турган өлкө тарыхы.

Каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык иштер атайын республикалык комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатат.

«Элди жана турак жай фондун каттоо Кыргызстанда биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт. Сиздердин берген маалыматыңыздар мурункудай кагазга жазылып алынбайт, алар мобилдик тиркемеге киргизилип, анкетага толтурулуп бүткөндөн кийин дароо Улуттук статистика комитетинин борбордук серверине жөнөтүлөт. Натыйжада каттоого берген маалыматыңыздар кагазда да, каттоочуда да калбайт. Андан кийин алар «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамга ылайык, жалпыланган түрдө статистикалык максаттарда гана колдонулат. Мен сиздерди «Кыргызстанда ар бир адам маанилүү» ураанынын алдында өтө турган элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырам. Каттоонун натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде өлкөнүн өнүгүү багыты, демек, анын келечеги аныкталат. Каттоонун негизиндеги маалыматтар Кыргызстандын адам потенциалынын чыныгы көрүнүшүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Каттоого терең түшүнүү, жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды өтүнөм», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM