Connect with us

Орусия менен Украина колго түшкөн туткундарды алмашты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 576 | 0

Украина менен Орусия колго түшкөн туткундарды алмашты. Бул тууралуу Укринанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Ал Одессага жакын жердеги Украинанын портунан колго түшкөн орусиялык 11 морякты өз өлкөсүнө өткөрүп беришкенин айткан. Ошол эле учурда Змеиный аралында «Сапфир» куткаруучу кемесинен колго түшүрүлгөн 19 украин моряктын мамлекетке келишин күтүп жатканын маалымдаган.

«Алмашуунун шартына ылайык, куткаруучу кеменин өзү да Украинага кайтарылат. Ошондой эле Түркиянын портуна жөнөтүлөт», — деген Верещук.

Орусия менен Украина ага чейин да эки ирет туткун алмашкан. Биринчисинде тогуз орус жоокер Мариуполдун мэрине айырбашталган, экинчисинин чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Бул согуш ушул кезде да токтобой келет.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып келе жатат. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч раунду Беларуста: 28-февралда Гомель облусунда, 3-мартта Беловежская Пущада, 7-мартта Брест облусунда өткөн. 14-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду видеоконференция аркылуу башталган. Ошол эле күнү тараптар 16-мартка чейин техникалык тыныгуу жарыялашкан.

Бир айга созулган согуш: Украинадагы абал кайсыл жакка өзгөрөт?

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM