Биз менен байланышыңыз

Лейлектеги жерлердин менчиктелиши боюнча айтып чыккан Бекжан Жалилов камакка алынды

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 2869 | 0

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу делген бир катар социалдык мекемелерди жана гектарлаган жайыт жерлерин менчиктештирилгени боюнча коомчулукка айтып чыккан айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камакка алынды. Бул маалыматты анын жакындары ырастады.

Буга чейин Бекжан Жалилов прокуратурага суракка чакырылганы айтылган. Жалилов менен кошо Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Саатбек Эгембердиев да камакка алынды.

Жакында эле эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тикелери тууралуу сюжеттер сериясын чыгарган. Ыдырыс Исаков репортаждагы каармандарынын камалышы тууралуу «Фейсбук» баракчасында пост жазды.

Текст толугу менен берилди:

«Баткенде бүгүн коррупциянын жеңиши орун алды. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп, айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып жаткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды.

«Баткен менин жүрөгүмдө» деген президент Садыр Жапаров мырза, сиздин жүрөктө Баткен эмес, баткендик Бурхановдор окшойт.

Эки ооз сөзүнүн биринде мыйзамдын үстөмдүгүнөн кеп созгон башпрокурор Курманкул Зулушев мырза, Баткенде мыйзамдын эмес коррупциянын диктатурасын коргоп жаткандайсыз.

«Баткенди көздүн карегиндей сактайбыз» деген Камчыбек Ташиев мырза, сиздер Баткенди эмес, Баткенди эки бутуна кийип алган, элин эшектей кылып минип алган, кызматта жүрүп байып алган Турабай Бостонов, Нуркамал Набиев, Нурлан Набиевдерди гана көздүн карегиндей коргоп отургандайсыз.

Болбосо, өз күнөөсүн өзү мойнуна алып, «Турабайдын иштерин мен мыйзамдаштыргам, арызыңды албасаң менин көтүм айрылып кетет» деп, агынан жарыла күнөөсүн мойнуна алып отурган Лейлек госрегистрдин жетекчиси Усаров неге камалбайт?

Элдин мүлкүн жалгыз өзү менчиктештирип, элге бербеген жерлерди балдарына, туугандарына, кала берсе токолуна чейин тегиз таратып берген Турабай Бостонов неге камалбайт? Неге алар суралбайт? Же Кыргызстанга акыйкат бийлик орнотом деп келгендеги абалыңар ушул беле?

Жаңы-Жер айыл өкмөтү — Кыргызстандын батышындагы эң четки айыл. Жаңы-Жер — Кыргызстандын этеги, тажик тараптан киргендеги астанасы, чек арасы. Кыргызстандын бир шыйрагы Ала-Бука, Чаткал болсо, экинчи шыйрагы Лейлек болот. Ошо лейлектеги Жаңы-Жер жемирилсе, Кыргызстан чолок болот. Аксайт, мүдүрүлөт.

Ал четки айылдардын бийликтен башка карманар, тутунары жок. Жаңы-Жерде жалчыган суу жок, Тажикстандан сатып алышат. Же жалчыган жумуш жок, Орусиядан оокат кылышат. Борбор шаардан дээрлик 1,5 миң чакырым алыста жайгашкан машакаттуу жер. Жыргатам деп келген бийлик жок дегенде ошол чек арадагы четки айылдын жашоосуна бут тоспой, тыңыраак чыккан кадрларын бутка чаппай, коррупционерине болушпай, бир аз болсо адилеттүүлүк көрсөтсөңөр кадырыңарга доо кетеби? Же капчыгыңар какшып калабы?

Кыскасы, мен силерди түшүнбөдүм.

Атамбаевдин тушунда Баткендин куратору Илмиянов болчу. Жапаровдун тушунда Баткенди Бурханов деген эки бутуна кийип алганы чындык да. Азыр «Баткендин Березовскийи» Турабай Бостоновду облус прокурору Нуркамал Набиев калкалап жатканы ачыкка чыгып калды. А Набиевди ошол ордодо отурган Бурханов колдоп отурары баткендиктерге бештен белгилүү экен.

Болбосо Бурхановдун камазист иниси кантип эле Баткен шаарына мэр болуп калат? Дагы бир иниси кантип эле Кызыл-Кыянын башкы милициясы болуп калат?

Бул бийлик да мурдагылардай эле кландарга таянабы, кландарга кызмат кылабы? Анда мурункулардан азыркы бийликтин кандай айырмасы, кандай артыкчылыгы бар?».

Copyright © 2017 Maral FM