Бүгүн 24-мартта орус армиясынын Украинага кол салганына толук бир ай болду. Бул аралыкта Украинанын эң ири 7 шаары талкаланды; 3,5 миллион калкы качкынга айланды; 900дөн ашык жай тургун окко учуп, жүз миңдеген адам Мариуполь шаарында курчоодо калды. Ал эми Орусиянын 15 миңге чукул аскери курман болуп, жүздөгөн техникасы жок кылынды. Орусиянын агрессиялык саясатына каршы киргизилген санкциялар биринин артынан бири уланып, орус экономикасына да чоң сокку урулду. Бул абал дагы качанга чейин уланат? Орус-украин согушунун алдыдагы сценарийи кандай болот? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.
Орус-украин согушу дүйнөнү саясий жана экономикалык кризиске кептеди. Бир айдан бери басылбай жаткан согуш мындан ары кандай уланат? Орусия көздөгөн максатына жеттиби? Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов согуштун бир айлык жыйынтыгы жана алдыдагы болжол боюнча «Маралга» пикирин билдирди.
«Алар башында: «бир жуманын ичинде Украинанын Киев, Мариуполь сыяктуу ири шаарлары Орусиянын көзөмөлүндө болот», — деп айтышкан, бирок бүгүнкү күндө көзөмөл болбогонун көрүп турабыз. Украинанын аскерлери өзүнүн күчүн, тактикасын жана стратегиялык жагынан даярдыгын көрсөттү. Ал эми Орусиянын армиясы дүйнөдө экинчи орунда турчу. Карап көрсөк, баары: «Орус армиясы күчтүү, алар алдыга койгон аскердик максаттарына дайыма жетет», — деп чыгышкан. Бирок биз бүгүнкү күндө аскердик жана геосаясий жагынан башка сүрөттү көрүүдөбүз».
Дүйнөнүн 141 мамлекети Орусияга каршы чыгып, «бул агрессия, туура эмес» деп эсептешүүдө.
Осмонбетовдун айтымында, геосаясаттын бир айлык жыйынтыгы Орусиянын эл аралык аброю кыйла төмөндөп кеткенин көрсөттү. Европа мамлекеттери жана АКШ Орусияга санкцияларын күчтөндүрүп жатат. Бул — көп тараптуу санкциялар, тагыраагы, экономикалык жактан гана эмес, маданият, спорт, коргонуу, коопсуздук, логистика, транспорт тармактарына да кесепетин тийгизе турган санкциялар. Бул чектөөлөр сөзсүз Орусияга сокку уруп жатканын, алар өздөрүнүн аскерин Украинадан чыгарып кетүүнү көздөй баштаганын кошумчалады эксперт.
Эксперт Орусия менен Украина 2-3 айдын ичинде тынчтык келишимине кол коюшу мүмкүн экенин болжолдойт.
«Бир жагынан караганда, Орусия менен Украина 2-3-айдын ичинде тынчтык келишимге келишет. Экинчи жагынан, Орусиянын өкмөтү сөзсүз түрдө кайрадан аскердик чабуул жасоого максат коюшу мүмкүн. Бирок албетте, убакыт кетип калды, геосаясий кырдаал бүгүн башкача, биз божомол катары жаңы дүйнө, жаңы эл аралык система түзүлүп жатканын көрүүдөбүз. Коронавирустан кийин жаңы дүйнө жаралып жатат. Менин оюмча, дүйнөлүк жаңы эрежелер чыгат, дүйнөлүк жаңы коопсуздук архитектурасы жаралат».
Осмонбетов бул согуштун жыйынтыгында Украинанын сөзсүз экономикалык, менталдык, маданий жагынан Батышка толук ыктаарын белгилейт.
Учурдагы жаңы түзүлүштү, саясий кырдаалды бүткүл дүйнө талкуулап жатканын индолог, дипломат Евгений Каблуков да ырастады. Анын айтымында, талкуунун негизги бөлүгүн Украинадагы окуялар түзүүдө. Бул учурда Кытай менен Индия бейтарап позицияны ээлешти. Ал эми АКШ өзгөчө Кытайды өз тарабына тартууга аракет кылууда.
«Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жумада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү беш саатка созулду. Ошондо да АКШ Кытайды көндүрө алган жок. Ал эми Индия да БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы окуялар боюнча позициясын билдирген эмес», — деди ал.
Каблуков азыркы тапта Кытай менен Индиянын позициясы орус-украин согушун токтотууга күчтүү таасир этмегин белгилейт.
Индия менен Кытай Украинадагы окуялар боюнча бейтарап позицияны карманып жаткандарына Орусия менен болгон тышкы саясий максаттары себеп болууда.
Индиянын стратегиялык өнөктөшү — Орусия. Акыркы убакта АКШ менен алакасын арттыра баштаганына карабастан, ал индус-орус мамилесине таасирин тийгизбей турганын Индия белгилеп келет. Себеби Индия — Орусия куралынын негизги сатып алуучусу. Эки өлкөнүн алакасы жакшы нукта баратканын Владимир Путиндин Индияга жасаган акыркы сапарындагы келишимдер тастыктап турат.
«Орусия куралынын айрым түрлөрүн Индиядан чыгарууга макулдук берди. Эми Калашников баштаган орус автоматынын жаңы түрлөрү Индияда чыгарыла баштайт. Ушул сыяктуу чоң жана эки өлкөгө керектүү башка келишимдер түзүлдү», — деди ал.
Дал ушундай эле абал Кытайда да болуп жатканын айтат Каблуков. Кытай менен Орусиянын экономикалык өнөктөштүгүнүн деңгээли жогору болгондуктан, Кытай үчүн Орусия менен байланышты үзүү пайдасыз.
Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып келе жатат. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч раунду Беларуста: 28-февралда Гомель облусунда, 3-мартта Беловежская Пущада, 7-мартта Брест облусунда өткөн. 14-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду видеоконференция аркылуу башталган. Ошол эле күнү тараптар 16-мартка чейин техникалык тыныгуу жарыялашкан.
Мындан сырткары Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Түркиянын Анталья шаарында да жолугушту. Түркия мамлекети учурда эки өлкөнү жараштырууда өздөрүнө чоң миссияны алып, учурда президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусун уюштурууга аракет кылууда.