Connect with us

Адвокат Нурбек Токтакунов 5 суткага камакка алынды

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 383 | 0

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов 5 суткага камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 24-марттагы отурумунда кабыл алганын соттун маалымат кызматы кабарлады.

Токтакунов укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде каралган укук бузууну жасаган деп таанылды.

Адвокат «майда бейбаштык жана судьяларды кемсинткен» деп айыпталууда. Ага «коомдук жерде уят сөздөрдү айтуу (анын ичинде сөгүнүү)» беренеси боюнча айып тагылган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык иретинде митингге чыгышкан.

Ошол эле учурда Биринчи Май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусия элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салган токтом кабыл алган. Укук коргоочулар бул чечимди мыйзамсыз деп эсептешет.

Нааразылыкка чыккан укук коргоочуларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин коё берген. Алардын ишин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM