Connect with us

Фермер-дыйкандарга насыя берүү үчүн 10 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 422 | 0

«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилди. Тийиштүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлиги «Айыл Банкка» 5,5 млрд сом жана «РСК Банкка» 4,5 млрд сом бөлөт.

Бул насыя айыл чарба багытында иш жүргүзгөн жеке жактарга жана чарбалык топторго берилет.

Насыянын өлчөмү 6%, кайтаруу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди. Эгер жеке жак же юридикалык жак 300 миң сомго чейин кредит алууну кааласа, күрөө талап кылынбайт. Ал эми 500 миң сомго чейин же андан жогору алууну каалагандар күрөө коюшу керек болот.

Ошол эле учурда жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан чарбаларга банктардын ички ченемдик-укуктук актыларына ылайык, жогорудагыдай эле шартта 5 млн сомго чейин насыя берүү каралат.

Булардан тышкары тамак-аш, азык-түлүк чыгарган ишканалар, үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары, күнөскана ээлери 5 жылдык (60 ай) мөөнөт менен 150 млн сомго чейин күрөө талап кылынган кредит ала алышат.

Ошондой эле лизинг үчүн да 5 жылдык мөөнөт каралган. Мында айыл чарба техникаларын алууну каалагандар баштапкы 10%ын, ал эми жабдууларды алууну каалагандар баштапкы 30%ын төгүп берүүгө тийиш.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM