Орусия 30-марттан тарта Казакстан менен Монголияга чек арасын ачат. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб билдиргенин орус басылмалары жазды.
«COVID-19 менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб ушул жылдын 30-мартында Москва убактысы боюнча саат 00:00дөн баштап Казакстандын жарандарынын Орусияга кирүүсүнө жана Орусия жарандарынын Казакстанга чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды. Ушундай эле чечим Орусия-Монголия чек арасы боюнча да чыкты», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул чечим ушул чек аралар аркылуу кирген үчүнчү өлкөнүн өкүлдөрүнө, туристтерге да тиешелүү болот.