Connect with us

ИИМ: Ошто экстремисттер менен күрөшүү мыйзамы талкууланды

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 283 | 0

Ош шаарында «Экстремисттик аракеттер менен күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк тегерек стол жыйынга ИИМдин, жергиликтүү бийликтин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, жарандык активисттер, дин кызматкерлери катышты.

Отурумда мыйзам долбоору талкууланып, артыкчылыктары, кемчиликтери айтылды. Катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар берилди.

Жыйынтыгында бул мыйзам учурдун талабы болуп турганы, ал сөзсүз кабыл алынышы керектиги белгиленди.

Айта кетсек, «Экстремисттик аракеттер менен күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 8-февралда кол койгон «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» жарлыгын негиз кылып, буга чейин колдонулуп келген эски редакциядагы мыйзамды Башмыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын максаты адам укугун, эркиндигин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкөнүн бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун ар кандай экстремисттик аракеттерден коргоо болуп саналат.

Буга чейин ушундай эле талкуу Бишкек шаарында да уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM