Күйүүчү-майлоочу май маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын маалыматына караганда, насыялык каражат мунай өндүрүүчү компаниялардын күйүүчү май сатып алуусуна берилет.
Антикризистик планды талкуулоодо бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Ушундай жыйындардын биринде Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдө күйүүчү майдын чектелүү экенин билдирген.
Ошондуктан 41 күндүк камсыздоого жардам берүү чечими кабыл алынган. Жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май сатып алуу үчүн 2 миллиард сомго кыска мөөнөттүү ссуда бөлүү чечими кабыл алынды.
Экономика министри Данияр Амангелдиев 2 млрд сом бөлүнө турган компаниялар Partner Oil жана Red Petroleum экенин маалымдады.