Connect with us

30-мартта өтө турган экономикалык форумда кризистен чыгуу жолдору айтылат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2022 | 436 | 0

30-мартта «BIZ Чырак-2022» экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу «BIZ Чырак» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Бекзат Билалов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Форумда азыркы экономикалык кризистен чыгуу ыкмалары талкууланат. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жеке ишкерлер, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, ЖМКлар, топ блогерлер жана башка долбоордун өнөктөштөрү бир аянтчага чогулат.

Билаловдун айтымында, бул форум жаш бизнесмендер үчүн жаркын келечек доорунда ишкердикти өнүктүрүүгө жол ачуу миссиясын камтыйт.

Булардан тышкары иш-чарада ЭКСПО-аймак болот. Анда өндүрүмүн конокторго сунушташы үчүн ишкерлерге шарт түзүлөт.

Мындан ары аталган экономикалык форумдар «Күз деми», «Жаз деми» деп байма-бай өткөрүлүп турат.

«Салтанаттуу иш-чара 30-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Бардык каалоочулар катыша алат. Кирүү акысыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, «BIZ Чырак» ЖЧКсынын түзүлгөнүнө аз эле убакыт болду. Коомдун максаты экономикалык форумдарды уюштуруп, жеке ишкерлер үчүн атайын аянтча түзүп, бинести өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү берүү болуп саналат.

«BIZ Чырак» – платформа, мында ар бир жаңы баштаган ишкер өз долбоорун сунуштоого жана эң кыска мөөнөттө, минималдуу пайыздык чен менен инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM